Депутат Дастан Бекешев 20 жылдай башкы дарыгер болуп иштегендерди мыйзам чегинде жумуштан кетирүү мүмкүн болбой жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-октябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
“Айрым ооруканаларда 20 жылдай башкы дарыгер болуп иштегендер бар. Ал башкы дарыгерлерди мыйзам чегинде жумуштан кетирүү мүмкүн эмес. Бул маселени чечүү керек. Жумуш ордуна сынактын жыйынтыгы менен алып, беш жылга келишим түзүү зарыл. Жаш дарыгерлерге дагы орун беришибиз керек", - дейт депутат.
Фракция жыйынында саламаттыкты сактоо тармагынын абалы тууралуу маселе каралды.