Бишкекте туруксуз аба ырайы орун алып, жакынкы 2 саат аралыгында катуу шамал болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетерин ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлады.
Күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу Бишкек мэриясы жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле айдоочуларга унааларын бак-дарактын жанына, курулуш иштери жүрүп жаткан имараттардын алдына токтотпоону эскертет.