Депутат Чыныбай Турсунбеков өлкөдө дарылар өтө кымбат баада сатылып жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ал КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
"Дары-дармектер карапайым элге жеткиликтүү болушун камсыздоо үчүн атайын салыктык жана бажылык жеӊилдиктер каралган. Бирок мындай шарттарга карабастан, дарылардын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу 3-4 эсе жогору болууда. Бул эмнеге байланыштуу?", - деп сурады депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дары-дармектердин баасына товарларды түз алып келүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, валюталык солкулук, ошондой эле бааларды жөнгө салуу механизмдеринин дыкат иштелип чыкпагандыгы сыяктуу факторлор таасир этип жаткандыгын билдирди.
Депутат өкмөт саясий эрктүүлүктү көрсөтүп, дары-дармек каражаттарынын бааларынын жөнү жок эле өсүп жатканын токтотууга чакырды.