Саясатчы Адахан Мадумаров чет өлкөдөгү Кыргыз жарандары шайлоолордо добуш бере албай жатканын айтып, кайрылуу жасады.
Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдон комментарий алдык.
“Бул боюнча Жогорку Кеңеш жайкы каникулга кеткенге чейин мыйзам кабыл алган. Президент мыйзамга дагы кол койду. Мурда чет өлкөлөрдө элчилик жана консулдуктарда эле добуш берүү тилкесин ачууга уруксат болчу. Азыр мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө, филиалдарында добуш берүү тилкесин ачуу боюнча мыйзамга норма киргизилди. Ошонун негизинде чет мамлекетте жүргөн жарандардын укуктары камсыз болуп жатат”, - дейт Бекматов.
Мадумаровдун кайрылуусу толугу менен.
“Бүгүнкү сиздерге айта турган ой жана кайрылуу өлкөбүздүн тагдырын чечүүчү маселесине арналмакчы. Баарыңыздарга белгилүү соңку мезгилде саясат абдан кызып, оң тарабынан дагы, сол тарабынан дагы ар кандай пикирлер айтылып, жагдай ушул кезге келип калды.
Жогорку Кеңешке шайлоолор жөнүндө сөздөр аябай кызып жатат. Муну атайын бийлик тарабынан бир аз чыгарып коюп, элдин пикирин билели, эл кандай карайт болду экен, баягы эле биз каалагандай сценарий менен өткөрсөк болобу же элде башкача талаптар барбы деген суроолорго жооп тапканга жасалып жаткан аракеттер катары бааласак болот. Биз бир канча жолу баса белгилеп айтканбыз. Кыргыз өлкөсүндө келечегибизди ойлогон, башка мамлекеттерге тең ата боло турган өлкө курабыз десек кылдай кыйшайбай, мыйзамдуулукту бекем кармашыбыз зарыл. Мамлекеттүүлүктү түздөп, күчтөшүбүз керек. Элдин биримдигин бекемдешибиз керек деген сыяктуу пикирлер айтылып келген. Бүгүнкү түзүлгөн кырдаалда ачык, эч кандай бир кагазга оробой айтканда мамлекеттүүлүк деген кагаз жүзүндө калып чыныгы турмушта мамлекеттүүлүктүн жыты дагы калбай бара жатканын баарыңыздар сезип турсаңыздар керек. Бул бардык тармактарды алып караганда байкалып жатат. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо тармактарын аласызбы, чет өлкөлөр менен алака түзгөн чек ара маселесин же эл аралык мамилелерди аласызбы бардык тараптан мамилелер аксаганы аксаган. Ушул жагдайлардан чыгып кетүүнүн жолдору барбы деген суроолорду көп коюшат. Биз дайым жооп бергенде “бар” деп айтабыз. Бар болгондо дагы кашкайып көрүнүп турган жоопторубуз даяр. Ал мамлекеттүүлүктү түптөшүбүз керек, аны түптөө үчүн эл, мамлекет качан күчтүү болот? Бүгүнкү күндө бийлик шайлоону өткөрүүгө аябай катуу даярдыктарды көрүп жатат. Ич ара “4 гана партияны өткөрөбүз, 4 партиянын бизге жаккан кишилерди киргизебиз, калган кишилердин баарын сыртта калтырабыз” деген сасык оюндарды дагы башташты. Бул бекемделип келген. Ошондуктан биринчи бийликтин тизмесине киребиз деген партиялар өздөрүнүн курултайын өткөрүүгө дагы жетишти. Эч кимге сыр эмес ЖМКларда, социалдык тармактарда тарап жатат. Ошол биринчи, экинчи, үчүнчү ондукка канча миллион төгүш керектиги чыгып жатат.
Урматтуу Кыргыз жарандары, мен сиздерге кайрылып жатканымдын бир себеби, бүгүнкү күндө сөздү жаап жашырбай айтканда, өлкөнү сактап калуу коркунучу турат. Бул кандай коркунуч? Эгерде биз дале болсо чөнтөктүлөрдү кайрадан бийликке алып келе турган болсок, биз Кыргыз мамлекети 4-5 киши бөлүп алган менчикке, акционердик коомго айланабыз. Муну баарыбыз көрүп турабыз, бул өтө коркунучтуу жана опурталдуу. Мамлекетти жоготуп алабызбы деген коңгуроону кагып келип көргөн күнүбүз ушул болду. Бүгүн мен шайлоого укугум бар, шайланууга укугум бар деген баш мыйзамдын укуктары жөнүндө сөз козгогум келип турат. Ага түрткү берген Орусияда иштеп жүргөн биздин жаш жигиттер менен кыздар Орозайым, Мирлан, Айтирек кайрылган экен. Биздин шайлоого укугубузду калыбына келтирип бериңиздер, жүз миңдеген Орусияда иштеп жургөн кыргыздардын жүз миңдеген сыртта жүргөн кыргыздардын укугун ордуна коюп бериңиздер деген талаптарды коюшкан экен. Мен ошол жигиттерге, кыздарга терең таазим билдирүү менен бул сунушту киргизгим келет. “Укугум бар” деген эл аралык кыймылга айланышыңыздарды каалайм. Бул жалгыз эле сыртта жүргөн Кыргыз жарандары эмес, Кыргыз өлкөсүнүн ичинде жүргөн жарандар дагы ал укуктан ажыраган. Кандайча? Биометрика деген балээни ойлоп табышып, 40 жылдап бир жерде добуш берип жүргөн биздин аталар менен апаларыбыз 50 жылдап жашап жүргөн жерлерде өздөрүн тизмеден таппай калган баш аламандык. Бул атайын жасалган "арам оокат" деп айта алам. Биздин жашап жүргөн жерибизден башка жакка көчүп кетпегенден кийин, биздин тизмебиз башка жерден чыкпашы керек. Эмне үчүн адамдардын тизмеси Кочкордон, ал жакта жашап жаткан кишилердин тизмеси Ноокаттан, Ноокатта жашап жаткандардын тизмеси Өзгөндөн чыгып жатат. Тайыр Сарпашев деген азамат бар эле. Азыр аны эч ким эстебейт. Мына ушул арамдык менен бийлик "каалаган кишибизди каалаган саныбыз менен өткөрөбүз" деген аркеттердин аркасы менен өтүп келген. Конституцияда жазылып турат. Кыргыз жарандары шайлоого жана шайланууга укугу бар деп. Биз Африкада жашап жатабызбы, иштеп жүрөбүзбү тишибиздин кирин соруп, Сибирде жүрөбүзбү Кыргыз өлкөсүнүн жараныбыз. Демек, биздин Конституциялык укугубуз биз туулганда берилген укук. Ал укукту эч ким тартып ала албайт. Конституциянын кепили бар деп көкөлөтөбүз, бирок ошол кепил болгон азамат ар бир Кыргыз жаранынын ушул укугун ордуна коюп бериши керек. Борбордук шайлоо комиссиясы эгерде туура эмес иш аракеттерди жасап жаткандыр, биз ушул күнгө келгенибиздин себепчилерин дайым саясатчылардан көрөбүз. Жок саясатчылар сөзсүз түрдө күнөлүү бирок ошол саясатчыларга колуна кол, бутуна бут кимдер? Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү комиссия шайлоо мүчөлөрү ошол эле КТРК, ЭлТР жана башка көптөгөн мамлекеттик телекомпаниялар биз жоопкерчиликти жалгыз бир кишиден сурай беребиз. Жоопкерчиликти биз жалпыбыз сезишибиз керек. Биз кечээ эле бутуна бут болуп, үнүнө үн кошуп, көзүнө көз болуп, укпаган жерди угузуп келген мамлекеттик телерадио компаниялары мамлекеттик басылмалар ушул коррупцияга малынып калган экенбиз. Сырттан келген карыздардын баары бир кишинин чөнтөгүнө кетип калган экен деген жоопкерчиликтерди бүгүн сезишиңер керек. Мына ошол кемчилигин айтайын деген азаматтарды жакындатпайсыздар. Кемчиликтерин айталы деген азаматтарды каралап, алардын үстүнөн эмне деген маалыматтарды даярдап жүргөндөр сиздерсиздер. Сиздер дагы кошо жоопкерчиликти тартышыңыздар шарт. Мындайча айтканда, биз кыргыз коомунда жашап жаткандан кийин ал ким болсун, дыйканбы, чабанбы, соодагерби, мугалимби баарыбыз жоопкерчиликти бирдей тартышыбыз керек. Ушул күнгө келип калганыбызга биз күнөөлүүбүз. Биринчиден, интеллегенциянын унчукпастан тескерисинче, шатыра шатман колдоп берип жатып ушул күнгө келтирдиңиздер. Экинчиден, саясат туура эмес жүрүп жатат деген азаматтарды тепкилеп, урду соккуга алып, туура жол көрсөткөн ак сакал киши сыяктанып, сылык-сыпай бир алакандай бир томолок темирдин кулу болуп, бир сыйлыкка ээ болуп калаар бекенбиз деп наам алабыз деп ушул күнгө калтырдыңыздар. Ойгонолу, ойлонолу! Мамлекеттүүлүк коркунучта турат. Эгерде бул шайлоолордо сыртта жүргөн биздин жигиттерибизди, жарандарыбызды. Конституциялык укугубузду тебелеп салып, сиздердин бизге керегиңиздер жок акча салып турсаңар болду, үйдө калган ата-энеңерди баккыла калган жагынан кийлигишпегиле деген бийликтин бизге бир күнгө дагы кереги жок. Мен баарыңыздарга кайрылам, баарыңыздарды чакырам. “Укугум бар” деген кыймылга айланалы. Керекпи ушул шайлоодо ар бир кайдыгер эмес жарандын пикирин, үнүн угузганга аракет кылалы. Келиңиздер биригели, чогулалы, өз тагдырыбызды колубузга алалы. Эгерде ар бир инсан ушул кишиден алып жаткан акчам менен балдарымдын, неберелеримдин урпагын келечегин саттым деген түшүнүктү көкүрөгүнө түйсө, ар бир ичип жаткан шорпосу менен мен балдарымдын келечегин ичип жибердим деген пикирди эске алышы шарт. Эгерде мен жамгыр жаап, суук болуп жатыптыр шайлоого барбай эле койдум десе, мамлекеттин өлкөнүн келечегине кайдыгер болгон болсоң анда төрт-беш киши бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүн бөлүп алган мына ошолордун чөнтөгүнө түшкөнүбүз түшкөн. Келечегибиз өтө караңгы, опурталдуу жана коркунучтуу. Кайдыгер болбоңуздар ар бириңиздердин укугуңуздар бар. Кеп кимди колдоодо эмес, кеп кайдыгер болбоодо. “Кылмыштуулуктун эң чоң кылмышкери бул кайдыгер инсан” деп бир акылман айткан экен. Өз келечегиңе, өз урпагыңа өз балдарыңдын келечегине кайдыгер болсоң анда анык кылмышкербиз деп өзүбүз эле моюнубузга алашыбыз керек. Чындыгында, биздин өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбыз болбосо көп деле коомдук мамлекеттик иштерге аралаша бербейбиз. Келиңиздер кайдыгерликти жамбаштап жатканды токтотолу. Өз келечегибизди колубузга алалы, өз тагдырыбызды өзүбүз чечели. Биз үчүн жогору жактан чөнтөктөрү калың, бай-манаптар, бүгүнкү көпөстөр тагдырыбызды чечет десек терең жаңылышабыз. Ар бир инсан өз тагдырына өзү гана жоопту. Жараткандын алдына барганда баарыбыз өзүбүз үчүн гана жооп беребиз. Тарыхтын алдында урпактардын алдында алар үчүн жооп беришибиз керек. Ким бийликке келген болсо, ошонун артынан чуркап жүрүп бийликтен кеткенде артынан кууп тепкилеп жүрүп башыбызга мүйүз чыгып кеткен жок. Токтойлу, ойлонолу, акыл калчайлы. Ар бир Кыргыз жараны жүргөн жерге шайлоо тилкесин ачууга милдетүүсүңөр. Бул менин талабым эмес, бул сиздер жазган баш мыйзамдын талабы. Сиздер ошол Конституцияга колуңуздарды коюп ант ичкенсиздер. Ар бир беренесин кыргыз мыйзамдарын кыйшаюсуз аткарууга ант берем деп ант ичкенсиздер. Антыңыздарда бекем туруңуздар. Ар бир Кыргыз жараны өз пикирин айтууга укугу бар. Ошол укукту камсыз кылып берүү сиздердин милдетиңиздер. Биз “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы “Мен макул эмесмин” деген элдик кыймыл жакын арада Орусия өлкөсүнүн расмий жетекчилигине кайрылабыз. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы шайлоодон кийин билдирүү жасаган. “Эгерде Украина бийлиги кызыкдар болгон болсо, Орусия өлкөсү бардык жерде убактылуу жашап жаткан шайлоого катышууга толук түрдө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө даярбыз” деген билдирүү тараткан. Биз Украинадан айырмаланып, Орусия менен көптөгөн эл аралык уюмдарда биргебиз. Биз тилектеш, пикирлеш мамлекетпиз. Мына ушуларды эске алып кыргыз бийлиги кызыкдар болгон болсо Орусия бийлигине көмөк көрсөтүү үчүн кайрылып, Кыргыз жаранынын ал жүргөн ар бир шаар, кыштактарында шайлоо тилкелерин ачып берүүсүн суранышы керек. Аталган кыймыл аркылуу Кыргыз өлкөсүн өзгөртүүгө, Кыргыз өлкөсүн жаңы жолго салат деген ишенимдемин. Өз тагдырыбыз өз колубузда", - деп айтылат кайрылууда.