Бишкекте дайынсыз жоголуп жаткан окуучу кыз табылды

Бишкекте дайынсыз жоголуп жаткан окуучу кыз табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 14 жаштагы Н.А. аттуу кызы 5-октябрь күнү саат 11:00 чамасында үйүнөн чыккан боюнча кайра кайрылып келген эместигин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Ыкчам иликтөө иштеринде окуучу кыз бир нече сааттан кийин табылган. Кыз өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Чүй кең көчөсү менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан