Бишкекте көрүстөндүн жанында жүргүнчүлөр таксистке кол салышкан. Алар таксисти коркутуп, унаасын тартып алууга аракет жасаган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү Ленин РИИБине таксист арыз менен кайрылган. Арызда 7-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында көрүстөндүн жанында жүргүнчүлөр кол салып, Мицубиси Галант үлгүсүндөгү унаасын тартып алууга аракет кылышкан. Тактап айтканда, ачкычын алып, качып кетүүгө аракет кылышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 20 жаштагы А.А. жана 18 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар кармалган. Алар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.