Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери 5 күнгө уланат

14-октябрдан 18-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде жүргүзүлөрүн "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлады.

Таш кулатуу иши саат 09:00дөн 15:00гө чейин унаа жолдо болуп, анда маал-маалы менен жол жабылып турат. Ал эми жолдо 30-40 унаа чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.

Айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайбыз дейт басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан