Кытайда өтүүчү өспүрүмдөр арасындагы экинчи Азия оюндарында оор атлетчи Курсант Төлөгөнов Кыргызстандын желегин көтөрмөкчү. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 12-августта Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган Азия оюндарына аттанып жаткан спорттук делегацияны атайын узатуу иш-чарасы болду. Эске салсак, Кыргызстандын делегациясын 20 спортчу толуктайт. Азия оюндары 3-24-август күндөрү өтөт.