Өкмөттүн Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоору ишке киргизилди. Анын алкагында Юстиция министрлиги 2 жоопкерчилиги чектелген коомду онлайн режиминде каттоодон өткөрдү.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо, ишинин токтотулгандыгын каттоо" долбоорун ишке ашыруу 2 этапка бөлүнгөн.
1-этап "Юридикалык жактарды онлайн каттоо".
2-этап "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо, ишинин токтотулгандыгын каттоо".
Юстиция министрлигинин сайтына юридикалык жактарды онлайн каттоо системинин иштеши жана юридикалык жактарды каттоонун мөөнөтүнүн кыскарышы биринчи этапта күтүлүп жаткан жыйынтык болуп эсептелет.
Ал эми экинчи этапты ишке ашыруунун алкагында "Юридикалык жактарды, филиалдарды онлайн каттоо, кайра каттоо жана ишинин токтотулгандыгын каттоо системин түзүү жана өнүктүрүү концепциясы" бекитилген. Электрондук форматта юридикалык жактарды, филиалдарды каттоонун укуктук негизи кайра каттоо жана ишинин токтотулгандыгын каттоо каралган.
Муну менен "Юридикалык жактардын, филиалдардын электрондук маалымат базасы" жана "Юридикалык жактарды онлайн каттоо" маалымат базасы "Түндүк" мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системине кошулду.