Новосибирскте базарда иштеген кыргыздардан акча талап кылганга шектелген жарандар кармалды

Новосибирскте базарда иштеген соодагерлерден опузалап акча талап кылып жүргөнгө шектелген жарандар кармалды. Алар "Тамерлан" деген топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн экенин орус басылмалары жазып чыгышты.

7-октябрда эки топтун ортосунда жаңжал чыгып, бир нече адам денесинен ар кандай жаракат алган. Бул факт тергөөгө алынып, жаңжалдын себептери аныкталган. Тагыраак айтканда, базарда иштеген соодагерлер менен алардан акча талап кылып жүргөн жарандардын ортосунда чыр чыккан. Далил катары окуянын күбөлөрү суракка алынып, видеобайкоого түшкөн тасмалар дагы алынган.

Новосибирск облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 31 жаштагы Новосибирск облусунун тургунун жана анын 29 жаштагы шеригин колго түшүргөн.

Учурда кармалган жарандарга карата "бейбаштык" жана "опузалап талап кылуу" беренелери менен
кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Шектүүлөрдүн бири камакка алынса, экинчисинин баш коргоо чарасы каралат.

Уруш 7-октябрь күнү болгон. Жаңжалга 50гө жакын киши катышкан. Алардын арасында Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Өзбекстандын атуулдары бар болгондугу айтылган.

Бул факты боюнча "бейбаштык" жана "опузалап талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Полиция кызматкерлери бул окуядан кийин 195 мигрантты текшерүүгө алган. Текшерүүдөн кийин чет элдик 11 жаранды Орусиянын аймагынан чыгаруу үчүн тийиштүү документтер топтолуп жатканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KaGaH
2019-10-13 14:37:49
Тамерлан менен Рашид
+1
shahlet
2019-10-13 16:09:18
кызык эмнеге суроттогу шектуулордун козу жабык эмес,жабык болчууго ар дайым жана тамгалар менен
+3
Nurik929394nur
2019-10-13 16:56:07
shahlet, потому что Россия не Кыргызстан Россия чётко Ясно покажет
+5
urmat94
2019-10-13 16:39:11
Улуту кандай булардын?
0
KaGaH
2019-10-13 20:07:24
urmat94,узбек
+3
Lewa90
2019-10-13 21:19:26
Марат жок көп кеткенго булар.
+2
Lewa90
2019-10-13 21:20:21
Марат жок көп кеткенго булар.
+2
mamatkerim1968
2019-10-14 10:17:58
Lewa90,Марат ким эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан