Бишкектеги Шота Руставели жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде турак үйдөн өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок дейт ӨКМнын басма сөз кызматынан.
"Өрт тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө кечээ, 12-октябрда саат 14:36да келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм жана 1 штаб тартылып, саат 15:44тө өрт чектөөгө алынган. Ал эми 17:08де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен үйдүн 220 чарчы метр аянты күйгөн, жабыркагандар жок", - дейт маалымат кызматынан.