Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин жанындагы кафеден жаңжал чыкты

Москвада Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин жанындагы кафелердин биринен мушташ чыгып, ок атылды. Орусиялык Рен ТВ телеканалынын маалыматына ылайык, кафеде 5 киши отурган. Кийинчерээк алардын жанына 2 адам келип кол салган.

"Эс алуучуларга кол салгандардын жанында атайын каражаттар болгон. Эс алуучулардын бири күтүүсүз жерден кол салгандарга жардам берип, тапанчасын алып ок чыгарган", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, уруш акчанын айынан келип чыккан. Кол салгандар эс алуучулардын сумкасын алганга аракет кылышкан. Орусиянын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгы жаңжалдын кесепетинен бир адам жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирген. Ал эми кол салгандардын бири кармалып, экөөсү качып кеткенге үлгүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurik929394nur
2019-10-14 12:03:39
Неизвестный человек кол салган кол салган эс алган эс алган эсалуучулар эсалуучулар колсалгандар колсалгандар.жакшы жанылык
+4
Taku.14.02
2019-10-15 00:26:25
Nurik929394nur,шакарар де
0
KaGaH
2019-10-14 16:40:36
Ал кафеде орустар көп тамактанышат,орустар кавказецтер болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан