Бишкекте айдоочу милиция кызматкерлеринин огунан жаракат алды

"Жол эрежесин бузуп, рулда телефон менен сүйлөшүп бара жаткан айдоочуга милиция кызматкерлери ок чыгарууга аргасыз болушкан" деп ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, алгач милиция кызматкерлери айдоочуну токтотууга аракет жасашкан. Бирок алардын аракетинен майнап чыккан эмес. Окуя 12-октябрь күнү болжол менен саат 18:15 чамасында орун алган.

"Автоинспекторлор Лексус-470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун телефон менен сүйлөшүп бара жатканынан улам, аны унааны токтотуусун өтүнгөн. Бирок айдоочу бейкапар, эскертүүгө карабай жолун улаган. Мындан улам автоинспекторлор аталган үлгүдөгү унаанын артынан кууп жөнөшкөн. Милиция кызматкерлери качып бара жаткан айдоочуну ашып өтүүгө аракет кылганы менен ал буга жол берген эмес. Мындан улам инспекторлор тарабынан алгач асманды көздөй эскертүү огу атылган. Айдоочу эскертүүлөрдү эске албай милиция кызматкерлеринин куралын жулуп алууга аракет жасаган. Мындан улам айдоочуга карата ок атылып, ал ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, унаа 1991-жылы туулган М.Х. аттуу жаранга таандык экени аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Аталган унаа Кыргыз өлкөсүнүн аймагында каттоодон өтпөгөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
TIMON_BERKOWITZ
2019-10-14 08:46:32
Эртең ал бир чоңдун баласы болуп чыга келет анан милиция кечирим сурайт, даарыларын алып берет. Аткан адам жумуштан кетет.
А мыйзамды уруп ойнобогону менен эчкимдин иши жок...
+9
Tai19
2019-10-14 09:45:04
Ушундай ээнбаштардын башына атыш керек
+5
toktor89
2019-10-14 10:34:47
Ур.д экен го
+1
Shabi
2019-10-14 11:57:22
Больницага барып даагы бир жолу атып койсо болмоккен.эсине келгидей кылып.копкон,таянганы бар бир неме болсо керек да.мындайларын милицияны тоготпогондон кийин.жонокой анча-мынча адамдарды киши катары корбосо керек.
+4
amirrus
2019-10-14 12:14:37
туура кылыпсынар мыйзамда баш ийбесе , нападение кылса озуну коргоп олтуро атсан да болот...Мындай паразиттерди жок кылыш керек,машинасын мамлекеттин эскбине откозуп,озун 7-8 жыл камап койгула х
+6
SHERBOLAT
2019-10-14 15:37:18
Жакшы женил атыпты мындай бейбаштардын башына атыш керек болчу
+1
Taalaibek.
2019-10-14 20:04:20
Кимдики туура экенин кайдан билебиз? Мумкун милицияныкы туура эместир. Бирок ок атканы туура эмес!
-1
Tyty1990
2019-10-14 20:44:32
Бир көк мээ да. Лексус минсе өзүн арстан сезген го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан