Куран китебинин нускасын бухаралык жашоочу Кыргыз өлкөсүнүн жаранына сатууну көздөгөн. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат булактары жазып чыкты.
Фергана облусунун коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы 150 миң долларга Куран китебин сатууну көздөгөнүн тастыктаган.
Бухаранын тургуну Фаррух Шарапов Фергана облусуна Куран китебин алып келип, таанышына китепке кардар таап берүүсүн өтүнгөн. Алар биргеликте китепти сатып ала турган кардарды Кыргыз өлкөсүнөн табышкан. Кардар менен болгон жолугушуу эки өлкөнүн чек арасына жакын жайгашкан Симен кыштагында чай үстүндө болгон.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнүн жыйынтыгында Фарух Шарапов 150 миң долларды Кыргыз жаранынан алгандан кийин айланма жол менен китепти Кыргыз өлкөсүнө жеткирип берүүсү керек болгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Маданият министрлигинин экспертизасынын корутундусунда XVII кылымда жазылган текстти формага Юсуф Саххох келтиргени жазылат. Кийин Куран китеби жаңыланган.
Кол жазма баалуу болгондуктан, аны башка өлкөгө чыгарууга тыюу салынган. Ыйык китеп Өзбекстандын мамлекеттик музейине өткөрүлүп бериле турганы белгилүү болду. Ал эми китепти сатууну көздөгөн жаран катуу өкүнүп жатканын билдирген.