Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
Депутат Мирлан Бакиров экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевден канча айыл өкмөт дотацияда отурганын сурады.
Министрдин орун басары билдиргендей, жалпы 453 айыл өкмөтү бар, 83 пайыз дотацияда отурат.
Мирлан Бакиров ушул айыл өкмөттөрдүн ичинен 19 айыл өкмөтү токой менен чектешкенин айтты. "Бул айыл өкмөттөрдүн үлүш жери жокко эсе. Былтыр дагы айтканбыз, бул айыл өкмөттөрдө мүмкүнчүлүк аз болуп жатат", - деди ал.