Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун соттук иши: Кубанычбек Кулматов сотко ишеним көрсөтпөстүгүн билдирди

Бүгүн, 14-октябрда экс-мерлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум өттү.

Соттук отурумдун башында сот Кубанычбек Касымбеков күбө катары каржы министринин мурунку орун басары Мирлан Байгончоковду күбөлөндүрүүдөн 5 жолу баш тартты. Бул жактоочулардын жана айыпталуучулардын нааразычылыгын жаратты.

Жактоочу Сергей Слесарев каржы министринин мурунку орун басары Мирлан Байгончоковду дагы жообу маанилүү экенин билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кулматов "ТВЕА" компаниясы Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун алкагында эки жаңы мектептин курулушу үчүн берген 2 миллион доллар грантты мыйзамсыз пайдаланган.

Жактоочу Слесарев ведомствонун жообун окуп, анда 2 миллион доллар насыялык макулдашууга тиешеси жок экенин жана өкмөттөн ратификацияланбаганы боюнча айтты. Мындан улам ал мурунку каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковду кошумча күбө катары сурак берүүсүн өтүндү.

Андан кийин Байгончоковду чакыруу сунушун айыпталуучу Кулматов дагы билдирди. Жактоочулар менен башка айыпталуучулар экс-мэрди колдоп, бирок соттор каршы болду.

Мындан улам экс-мэр Кубанычбек Кулматов сотторго ишеним көрсөтө албастыгын билдирди.

"Мен силердин адилеттүү чечим чыгара турганыңарга ишенбейм" деди Кулматов.

Кийинки соттук отурум 16-октябрь күнү саат 9:00дө улантыла турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mister-X
2019-10-14 16:33:36
Атамбаевдин убагында эн чон коррупционер Кулматов болгон.
-7
Bektur2011
2019-10-14 16:43:13
Буларды эркелетпей кустуруш керек. Сотко ишеним көрсөтөбү, жокпу анысы кызыксыз
-8
Erik2018
2019-10-14 17:36:07
Акчаны кайтаргыла 5 мектептин акчасына 1 мектепти куруп алып эми ишенбейм деген бет тырмаганды токтоткула
+2
altyn-kumush
2019-10-14 17:41:18
Өздөрүнүн айыбын билбей эле ишенбестик көрсөтөт. Мындай адамдардан көп нерсени күтсө болот.
+1
Ernestinio
2019-10-14 17:49:01
Ар бири кылган иштерине жооп берген кун келди.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан