Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
Анда депутат Нурбек Алимбеков 2020-жылы өтө турган шайлоолорго канча каражат каралып жатканын сурады. "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого канча каражат бөлүнөт?", - деп сурады депутат.
Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов жалпы шайлоого 1 миллиард 191, 6 миллион сом каралып жатканын айтты. "Бул каражат Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жана 417 жергиликтүү кеңешке бөлүнөт. Бөлүп караганда канча каражат кетери тууралуу маалымат түрүндө жооп берели", - дейт министрдин орун басары.