Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылга республикалык бюджеттин таӊсыктыгынын жалпы көлөмү 9 миллиард 953 миллион сомду же ички дүң продукциянын 1,5 пайызын түзөт. Келерки жылдын бюджетинин таӊсыктыгын жабууга ички жана тышкы булактар каралууда.
Талкууда депутат Мирлан Бакиров токой жана суу чарба кызматкерлеринин маяналарын көтөрүү зарылдыгын козгоду. Депутат Мухтар Айнакулов эки жыл катары менен "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялангандан тарта канча айыл дотациядан чыгуу алдында тургандыгына кызыкты.
Талкууну жыйынтыктаган комитет төрагасы Нурбек Алимбеков агрардык өлкө катары саналган Кыргыз мамлекети үчүн фито-санитардык лабораторияларды курууга артыкчылык берүүнү сунуш кылды.
Бир катар комитет мүчөлөрү айыл чарба тармагына тиешелүү министрлик жана айрым мекемелер туш болуп жаткан каржылык көйгөйлөрдү тизмектешип, аларды чечилишин талап кылышты.
Жыйынтыгында "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорун эл өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен кайрадан карап чыгууга өкмөткө кайтарды.