Жарандык авиациянын жана Эл аралык нормалардын талаптарына жооп бербейт деген шарт менен “Манас” аэропортунун 50 кызматкери жумуштан алынары тууралуу “Кыргыз Манас менеджмент” ЖАКсынын коопсуздук кызматкерлери айтып чыгышкан. Ага ылайык, “Манас” аэропортунун филиалдарынын биринде иштеген кызматкерлерди эч себепсиз, акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кетире баштаган. Бизди аэропорттун коопсуздугу жана жүктөр үчүн жооп берген кызматтан башка компанияга котордук дешти. Документалдуу түрдө иштен кетиришти. Бирок иш жүзүндө ал жакка иштеш үчүн экзамен тапшыруу керек экен. Эгер экзаменден өтпөсөк жумушсуз калабыз”, - деди аталган филиалдын кызматкери.
Ал эми “Манас” аэропортунун маалымат кызматы окуя боюнча буларды айтып берди: “Аэропорттун аймагындагы Авиациялык коопсуздуктун системи бирдиктүү болушу шарт. Ошондуктан компаниянын коопсуздук кызматында иштеген айрым кызматкерлерин айлык акыларын жана социалдык жеңилдиктерин сактоо менен Бишкектеги “МАМ” ААКсына которуп жатабыз”.