Кыргыз улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Монголия менен боло турган беттеш алдында оюн тууралуу ой бөлүштү.
"Биздин максатыбыз - Монголияны жеңип, 3 упай алуу. Көп гол киргизүү маанилүү эмес, башкысы утушубуз керек. Монголия курама командасы да оңой атаандаш эмес, андыктан, бардык аракетибизди жумшашыбыз керек", - деди Крестинин.
Монголиянын башкы машыктыруучусу Михаэл Вайсс өз үйүндө күйөрмандар жардам берерин белгиледи.
"Биринчиден, өз үйүбүздөгү стадионубуз жардам берет. Экинчиден, күйөрмандардын колдоосу бул оюнга жардам берет. Бул беттеш Япония менен болгон оюндай болбойт", - деди ал.
Монголия-Кыргыз өлкөсү беттеши эртең, 15-октябрда өтөт.