Польшада өтүп жаткан көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан аялдар курама командасы Мексика командасына 3:15 эсебинде утулду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Бүгүн, 13-августта кыргызстандыктар англиялыктар менен ойношот. Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстан курама командасы мексикалыктарга 0:16 эсебинде утулушкан болчу.