Норвегиянын Тромсё шаарында өтүп жаткан шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунда 12-август күнү кыргызстандык шахматчы Михаил Марков чечүүчү беттеште Левон Аганяндан жеңилип калды. Левон Аганян өзүнүн дүйнөдөгү күчтүү шахматчылардын катарында экендигин тастыктай алды. Мекендешибизди жеңген ал экинчи айлампага өттү.