Чырдаша кетишкен пакистандык студенттердин экөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкектеги Эл аралык медициналык окуу жайда окуган пакистандык студенттердин арасында пикир келишпестик болуп, ортолорунда чырдашуу орун алган. Мындан улам 20 жаштагы эки студент убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-октябрда эки студенттин баш коргоо чарасы каралат.

Окуянын чоо-жайы:

14-октябрда Бишкектеги Эл аралык медициналык окуу жайда окуган пакистандык студенттердин арасында пикир келишпестик болуп, ортолорунда чырдашуу орун алган. Ошол учурдагы студенттердин пикир келишпестигин чагылдырган чакан тасма социалдык тармактарга тараган. Анда белгилүү болгондой, Пакистандан келген студенттер университеттин жатаканасында жашашат. 2 студент эки кабаттуу керебеттен орун бөлүшө албай койгон. Алар керебеттин үстүңкү кабатын талашып, бири-бирине орун бошоткусу келбей, аягы чыр-чатакка алып келген.

Керебет талашышкан: Бишкекте окуган пакистандык студенттердин чыры
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Romantik.
2019-10-16 12:20:41
Нурбек менен Буркан болуптур го
+4
elchi84
2019-10-16 12:58:46
Жакшылап тарбиялап койгула эми жерге болсо дагы жата берем деп калсын.
+4
zzz---zzz
2019-10-16 23:51:39
Кызык экен кээ бирөөлөр астын талашса булар үстүнкү кабатын талашып жашоо өзү кызык.
+1
Mintip-menu-suybo
2019-10-17 17:05:08
Чын журоктон баары бир...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан