Ысык-Ата районунда жеңил унаа менен поезд сүзүшүп, 3 адам жабыркады

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында жеңил унаа менен поезд сүзүштү. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыктады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 15-октябрда саат 15:30 чамасында Новопокровка айылында болгон. Анда Fiat Panda үлгүсүндөгү унаа түндүктөн түштүккө кетип бара жатып, батыштан чыгышка бара жаткан поезддин алдынан чыга калган.

"Жол кырсыгынан жеңил унаадагы айдоочу жана эки жүргүнчүсү жабыркаган. Алар ошол замат аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан