Ушул күндөрү Бириккен Араб Эмирлигинде өспүрүмдөр арасында бокс боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Аталган мелдеште 6 кыргыз мушкери жарым финалга чыга алышкан.
75 килограмм салмактык категорияда кыргыз мушкери Кабатай Мукаш уулу жарым финалда өзбек мушкери Нусратбек Тохиров менен кез келген. Беттеште жеңүүчү өзбек мушкери аталып, финалга чыга алды.
Кыргыз мушкери Кабатай Мукаш уулу чемпиондуктун коло медалынын ээси болду.