Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 9-класста окуган бала асынып алганы боюнча маалымат Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 9-октябрь күнү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ өспүрүм өз үйүнүн мал сарайында асынып алганын аныкташкан. Денеге алгачкы кароо жүргүзүшкөндө күч колдонуу белгилери болгон эмес. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирип, буларга токтолду.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүн-өзү өлтүрүү менен катталган. Териштирүү иштеринде мектептин мугалими маркумдун уюлдук телефонун сабак убагында колдонгондуктан, алып койгон. Ал "ата-энеңди чакырып кел, эмне себептен телефонду колдонуп жатасың?" деп, ага түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Кийин окуучу мектептен чыгып, досуна "көйгөйлөр көбөйүп кетти" деп айткан.
Окуучу болжол менен саат 14:00дө асынган. Ата-энеси бул окуя боюнча эч кимге доо арызы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Ошондой эле баланын денесине медициналык кароо жүргүзүүдөн дагы баш тартышкан", - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБи.
Ошондой эле асынып алуу фактысы 11-октябрь күнү Таш-Көмүр ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Анда 16 жаштагы кыз өзүнүн мал сарайында асынып алганы аныкталган. Бул факты дагы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргөн.
"Окуучу кыздын ата-энеси дагы эч кимге доо арызы жок экенин билдирген. Ошондой эле кыздын жанынан кат табылган. Катта кыз апасынан кечирим сурап, каза болгон баланын артынан кеттим деп жазган. Кийинчерээк кыз менен бала сүйлөшүп жүргөнү аныкталган", - деди басма сөз кызматынын өкүлү.