Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип кармалган жаранга уурулук боюнча дагы бир айып тагылганын шектүүнүн апасы билдирген болчу. Ал эми 2018-жылдын 24-декабрында Кара-Жыгач конушундагы үйдө болгон уурулукка катыштыгы бар деп айыпталууда. Бул маалыматты Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан ырастады.
"2018-жылдын 24-декабрында жазуу жүзүндөгү арызы менен Октябрь РИИБине Т.Ж аттууу жаран кайрылган. Ал 2018-жылдын 24-декабрында эртең мененки саат 8ден 12ге чейинки убакыт аралыгында Кара-Жыгач конушундагы жеке менчик үйүнөн "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана "АСЕR" үлгүсүндөгү ноутбугун уурдап кеткени боюнча айтып кайрылган. Уурдалган телефондун баасы 13 миң 8 жүз сом болсо, ноутбуктун баасы 28 миң сом болгон. Буюмдарды алгандан кийин алар белгисиз тараптарга из жашырып кеткен. Мындан улам жабырлануучу 41800 сом өлчөмүндө зыянга учураган.
Мындан тышкары, 24-октябрда Октябрь РИИБине ошол эле жылдын ошол эле күнүндө С.Ж. аттуу жаран анын үйүнө белгисиз жарандар кирип, баалуу буюмдарын уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Окуя орун алары менен жеринен 1996-жылы туулган Д.Н. аттуу жаран кармалып, Октябрь РИИБине алып келинген.
Сурактын жүрүшүндө, окуяга шектелип кармалган Д.Н аттуу жаран талап-тоноочулукту жалгыз кылбаганын, анын шериги учурда ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип жаткан Б.М дагы көмөкчү болгонун айтып берген. Аталган окуя боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда бул боюнча иликтөө иштери уланууда", - деп айтылат Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, буга чейин Октябрь РИИБине Мирбек Атабековдун апасы кайрылып, 2019-жылдын 6-майга караган түнү саат 01:45 чамасында үйүнө бет капчан ууру кирип, 60 миң доллар жана алтын жасалгаларды уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми 29-августта шектүүлөрдүн бирөөсү 1995-жылы туулган Б.М. кармалган.