Бишкекте жеңил унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 13 жаштагы окуучу кызды сүзүп кетти

Бишкекте жеңил унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 13 жаштагы окуучу кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 18-октябрда саат 12:00 чамасында Жибек Жолу көчөсүндө болгон.

"Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа жолдо өтүп бара жаткан окуучу кызды байкабай сүзүп алган. Жабырлануучу кыз ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nazar76
2019-10-18 18:02:27
Пешеходон отуп бараткандарды сузуп кеткен айдоочуларга айып пулду кобойтуп койсо жакшы болмок эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан