Финпол тарабынан "Манас" аэропортунун Бишкектеги филиалынын директору кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы "Манас" аэропортунун Бишкектеги директору кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү М.Б. "Эл аралык "Манас" аэропорту" ААКсынан мыйзамсыз түрдө 5 миллион АКШ долларын чыгарып кеткендиги боюнча кармалган. Шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, 30-сентябрда Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Тергөө учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, тергөө менен кызматташкан. Шектүү бул иш боюнча бардык маалыматтарды берип, кылмышка катышы бар башка адамдар тууралуу көрсөтмө берген", - деп айтылат маалыматта. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.

"Манас" аэропортунун Бишкектеги филиалын 2015-жылдан бери Мирлан Бегалиев жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirbek2211
2019-10-19 09:50:41
Шектуу М Б деп туруп , кайра Мирлан Бегалиев дегенинер кандай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан