Машина сатып алып, “калган акчасын кийин берем” деп алдамчылык менен алектенген шектүү кармалды

Машина сатып алам деп алдамчылык менен алектенген шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 17-октябрында Чаткал районунун 1953-жылы туулган Б.О. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Ала-Бука районунун 1984-жылы туулган тургуну М.Ү. 2019-жылдын июнь айында карызга акча сурап алып кетип, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөндүгүн билдирген.

"Арыздануучунун билдирүүсүндө М.Ү. күрөөгө “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын таштап, 100 миң сом алып, 10 күндүн ичинде 106 миң сом берем деген боюнча изин жашырган.

Ал эми 2018-жылдын декабрь айында Чаткал районунун 1948-жылы туулган тургуну Ш.Т. М.Ү. ишенимине кирип, “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаа алып келип берем деп, 284 миң сом акчасын алып кетип, ушул күнгө чейин алдап качып жүргөндүгүн айтып арызданган.

Дагы бир А.А. аттуу жаран милицияга арызданып, 2019-жылдын 29-мартында Жалал-Абад шаарынын “Келечек” унаа базарында М.Ү. аттуу жаран “Мерседес-Бенц-Гигант” автоунаасын 370 миң сомго баалашып, 30 миң сом акчасын берип, калган 340 миң сомду ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып, бербей качып жүргөндүгүн билдирген.

Жогорудагы кылмыш иштеринин бетин ачуу максатында, тергөө бөлүмү тарабынан атайын тапшырмалар берилип, Жалал-Абад ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүү Ала-Бука районунун 1984-жылы туулган тургуну М.Ү. экендиги жана анын жүргөн жери аныкталып, тергөө бөлүмүнө камсыздалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
eddi.
2019-10-18 20:41:56
Шектүү Мамбеткулов Үсөн
0
KaGaH
2019-10-19 16:09:20
Ой шүмшүк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан