Сирияга барып согуштук аракеттерге катышкан жаран кармалды (сүрөт, видео)

Жалал-Абадда Сирияга барып согуштук аракеттерге катышкан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалым болгондой, 18-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1994-жылы туулган А.Д. аттуу жаран 2014-жылы кыш айларында Түркия мамлекети аркылуу Сирия мамлекетиндеги болуп жаткан согуштук аракеттерге катышууга чыгып кеткендиги, учурда Кыргыз өлкөсүнө кайтып келип, Жалал-Абад шаарынын аймагында убактылуу жашынып жашап жүргөн жери аныкталып, изин жашырып жүргөн жеринен кармалган.

Буга чейин А.Д. Жалал-Абад ОИИБинин экстремизм жана терроризм багыты боюнча каттоодо турган.

Бул факты боюнча топтолгон материал УКМКга өткөрүлүп берилди.

Сирияга барып согуштук аракеттерге катышкан жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
salimbek87.kg
2019-10-18 21:30:34
А. Д нын көзүн жашырбай ачып ачып койбоптурда
+3
Shef87
2019-10-18 22:12:17
Чекарачылар көзүн жумуп туруппу өтүп атканда
+4
Raatbek700
2019-10-18 23:40:46
Shef87,Чек арачылар жонундо жаман ойлобогула алар коллон келишинче карайт Кыргызстандын жерин да кайтарып жатат.кирем Деген Адам жон эле кирип кетет
+3
elb_2121
2019-10-18 23:42:59
Жашынбай эле ээн эркин кенен жолдо басып жургон го дей
0
Ok-lyaz
2019-10-19 00:15:12
Буларын мышык чычкан эле ойноп атышат
-1
filis
2019-10-19 00:22:50
Исламга аша чаап берилгендин кесепети ушул болот. Жаман оюнда бейишке чыкмак имиш ары жок. Диндеги бир жомоктору ишенишип.
-3
KAYRATBEK
2019-10-19 03:13:13
filis,сен эмне мынча кейидин. Бул жашоо ар бир адам баласына сыноо жашоо. Жакшы соз айта албайсынбы анда жаман суйлобо. Ниетине жараша сыйлык жэ азабын аласын.
+1
Kaary
2019-10-19 14:53:25
filis,Аша чаап берилгендиктен эмес жердешим! Исламды билбеген, диний илими аздар кетип калат мындай азгырыктарга. Баарыбызга Кудайым пайдалуу илим берсин!
+6
Apyn8793
2019-10-19 15:11:14
filis,жалпысынан айтканда Малдар кетип атат )))
+4
Begimay.emir1
2019-10-20 08:53:06
filis,Ислам дини жонундо жаман соз жазбай эле койчу. Оставь своё мнение при себе дейт ко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан