Бишкекте 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан ишкер Хуфур Абдурахемандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
"Ал акыркы жолу өзү иштеген "Мадина" базары жактан автоунаасы менен чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча ишкерди уурдап кетип, өлтүрүп, көмүп коюшкан. Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп 5 жаранды кармагандыгы айтылууда. Алар маркумдун BMW X5 автоунаасын айдап жүрүшкөн. Кармалгандардын бири автоунааны сатып алганын билдирген. Шектүүлөр убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, тергөө иши башталды", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, маркум Хуфур Абдурахеман көп жылдардан бери "Мадина" кафесин иштетип келген. Ал 37 жашта болгон.