"Мадина" кафесинин ээси Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды

Милиция кызматкерлери ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүп коюшкан кылмышка шектүү адамдарды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, шектүүлөрдү Свердлов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери "Сосновка" постунан уурдалган BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатканда колго түшүрүшкөн.

"Кылмышка шектелип Нарын облусунун 1964-жылы туулган К.Э. аттуу тургуну, Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган Ш.У. аттуу тургуну, Ысык-Көл облусунун 1990-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну жана Казакстандын 1986-жылы туулган Д.В. аттуу жараны кармалган. Учурда кармалгандар Бишкек ШИИБинин абагына камакка алынган. Сурак берүүдө ишкерди кантип тузакка алып, анын денесин кайсыл жерге көмгөндөрүнөн бери көрсөтүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 37 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elb_2121
2019-10-20 11:46:41
Закон Алсыз мамлекете кылмыш коп болоттурбайбы?
+4
Jelezo
2019-10-20 19:28:53
elb_2121,закон алдуу эле аткаргандар алсыз болумуш болуп акчага кул болуп калышкан
+6
erkinali858585
2019-10-20 18:06:53
Жүздөрун эмнеге корсотпойсунор?
+4
Begimay.emir1
2019-10-21 02:41:53
Эмне бекитесинер жузун-адам олтуруп атышат ко. Бироо таштандыны туура эмес таштап койсо кайра-кайра бетин коргозосунорго. Супер инфо честный болгула
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан