Кыргыз киксбоксчу Алексей Федосеев эрежесиз урушта алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, Федосеев 9-ноябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында өтө турган Road FC уюмунун беттешинде чыгат. Анын атаандашы Го Чжи Ван аттуу мушкер болот.
28 жаштагы Федосеев кикбоксинг боюнча WAKO-PRO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону.