"Мадина" кафесинин ээси Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелген дагы 4 жаран кармалды

Милиция кызматкерлери ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелип жаткан жалпы 8 адамды кармады. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды деп Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүүлөрдү Свердлов РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери "Сосновка" постунан уурдалган BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатканда колго түшүрүшкөн.

1981-жылы туулган ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TIMON_BERKOWITZ
2019-10-21 13:59:33
Походу көптөн бери даярданган окшойт булар.. Дагы издей беришсе көп былыктары чыкса керек.
+2
ilgizk
2019-10-21 18:19:08
ӨЗдөрүнда ит аткандай атып салыш керек.
+2
ninja82
2019-10-21 18:53:59
оо шакалдаааар.Кудай жазаласын силерди.
0
nur...nur.
2019-10-22 07:12:54
Арам тамактар чиритиш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан