Мьянманын башкы машыктыруучусу Миодраг Радулович Кыргыз футболчуларынан ири эсепте утулгандан кийин кызматынан алынды.
Оюн 10-октябрда Бишкекте өткөн. Анда Кыргыз өлкөсү 7:0 эсебинде жеңип алган.
Мьянма тайпада бир дагы упай ала элек, ошондой эле команда 3 оюнда бир дагы гол киргизе элек. Радуловичтин ордуна немис машыктыруучусу Антуан Хей дайындалды.