Бүгүн, 21-октябрда Свердлов районунун тескөөчүсү Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылып, каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Ага ылайык, "21-октябрда эртең мененки саат 07:00 чамасында Лебединовка айылында жол кырсыгы катталган. Анда 1992-жылы туулган жаран Жибек Жолу көчөсүндө Хендай Гетц автоунаасы менен баратып бакты сүзгөн. Кырсыкта ал катуу жаракат алып, Чүй облустук ооруканага жеткирилген. Ал жерден өзүнө келбей, каза болду", - деп айтылат маалыматта.
Учурда маркумдун унаасы айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери башталды.