Арстан Алайдын тарапташтарына коомдук тартипти бузгандыгы жана милициянын талаптарына баш ийбегендиги үчүн 3 миң сом айып салынды. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.
Арстан Алайдын тарапташтары салынган айыпты мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгаруу үчүн Биринчи Май райондук сотуна кайрылышты.
Буга чейин Арстан Алайдын "Мен Кудаймын" деген сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Ал анын жыйынтыгы менен ага чара көрүлө турганын айткан. Кийинчерээк Бишкек ШИИББи Арстан Алайдын "Кудаймын" деген сөзү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.