Орусиянын Мурино шаарында белгисиз адамдар Кыргыз жаранына карата ок чыгарышкан. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты. Маалыматка ылайык, жарадар болгон адам бутуна жана көкүрөк тушка ок жегени айтылган.
"Мурино шаарындагы Шувалов көчөсүн бойлой жайгашкан спорт аянтчасында белгисиз 2 адам Кыргыз жаранына тамеки сурап кайрылган. Бирок ал тамекисин берүүдөн баш тарткан. Ошол учурда кебетеси европалык болгон кишинин бириси тапанча алып чыгып, жабырлануучуга карата эки жолу ок чыгарган. Андан соң окуя болгон жерден качып кетишкен. Ал эми Кыргыз жараны ооруканага жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги бул боюнча маалымат тарата элек.