Ошто милиция кызматкери зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө

Ошто туристтик милиция кызматкери зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыз 16-октябрда келип түшкөн.

"Арызды милиция кызматкеринин мурдагы сүйлөшкөн кызы аны зордуктаганга аракет кылган деп жазган. Ал эми кызматкер арызды ал өч алуу максатында жазганын билдирүүдө. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан