Чыпалак баатыр: "Карапайым элдин көйгөйүн чечүү үчүн шайлоого катышам"

Чыпалак баатыр каймана аты менен таанымал болгон Зарылбек Аликенов келерки парламенттик шайлоого катышканга даярданып жатканын SUPER.KGге билдирди.

"Карапайым эл өзү колдоп, шайлоого бар деп жатышат. Мен дагы алардын колдоосу менен мекен үчүн күйгөн, жүрөгү кыргыз деп соккон адамдарды чогултуп, партия түптөп, шайлоого катышууну чечтим. Партияны өзүм жетектейм. Партияга кишилер чогулгандан кийин анын атын коюп, программасын иштеп чыгабыз. Андан соң эл алдына чыгабыз. Азырынча жүрөктө жалыны бар, эл үчүн күйгөн адамдарды партияга чакырам", - деп билдирди Аликенов.

Айта кетсек, буга чейин парламенттик шайлоого катыша тургандыгын ырчы Кайрат Кыргыз да билдирген. Бирок ырчы кайсы партияга мүчө экенин айткан эмес.

Чыпалак баатыр: “Карапайым эл колдоп, шайлоого аттан деп жатат“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
elchi84
2019-10-23 17:36:59
Мискенден зорго кутулганда эми бул чыгабы?
+7
Aikaaaa
2019-10-23 17:58:28
Азыркы отурган депутаттар мындан эч айырмасы жок, калп эле чычалабагыла
+9
tular
2019-10-23 20:23:05
Ишене турган кожо сен боло турган болсоң, анда биз алды алдынан тал кармай бериш керек экен.
Ушу сен шайлоочуларды үркүтүп эч ким шайлоого келбей койбосо болду...
+2
esenin
2019-10-23 20:42:36
биздин бутундой мамлекет оюнчук эле болуп калдыго
кааландай калчап
0
jike
2019-10-23 20:57:07
Негизи Кыргызстанды ушуга окшогон эле инсандар башкарып жататко.
+4
Rusi79
2019-10-23 21:16:00
Эшекти кайра кайра коргозуп озубуз эле "звезда"кылып албадыкпы,ке бирде ойлоносун ээ ушуга окшогондорду чыгара берип ошол денгеелге жетип калганбыз го деп.
+1
Kylychisa
2019-10-23 21:23:40
бул силерди эмне дейт экен деп кулуууп журотта ары жакта только умные дурачить деп коёт ко)))
+5
PROS
2019-10-23 22:41:52
Эмне чычалайсыңар? Азыркы элиталар чыпалак баланын деңгээлине жетпейт го, эмнесине арданып жатасыңар??? Чыпалак кандидатурасын койсо эле элдин баары шайлап ала тургансып дегеле каадаланып алыпсыңар го, сага эмне жок, тиги бу деп)))
+2
Skarlett-Skarlett
2019-10-23 23:17:28
Замана,кайда кетип баратасын?!
+2
Makedonia
2019-10-24 08:23:19
Кыргыздын жакшы макалы бар: "Ишенген кожом сен болсон, алды алдынан тал карма" деген. Кыргыз элинин умуту ушундайларга калган болсо, жыргаган экенбиз анда.
+1
muras111211
2019-10-24 10:55:24
Сен эле калдың эле.
+1
AykaMer
2019-10-24 11:21:34
Бирөө жарым Зарылбек сен эле болуп албайсыңбы президент деп какшыктап тамашалап койсо...бул олугуп кеткенби не балекет ))))
+4
didu
2019-10-24 12:34:49
эшеке алтын токум жапсанда эшек бойдон калат
+3
Dembele84
2019-10-24 13:04:49
Бокмурунга эмне жок экен?
+1
al-abu-kinesz
2019-10-24 17:28:42
Жарды го чипа!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан