Санкт-Петербург шаарында эки унаа кагышып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти (видео)

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы кесилиш көчөлөрдүн биринде эки унаанын кагышуусундагы ири жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 8 киши жабыркаганын орусиялык маалымат булактары жазышууда. Маалыматты Ленинград облусунун полициясы дагы тастыктаган.
"Белгилүү болгондой, Лермонтов кең көчөсүнөн Renault жана Volkswagen үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Кагышкан унаалар жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бара жаткан жүргүнчүлөрдү сүзүп, жолдун четине чыгып кеткен. Аталган окуя видеого түшүп калган. Жабыркагандардын ичинен 7 адам жөө жүргүнчүлөр болсо, алардын бирөө айдоочу", - деп айтылат маалыматта.
Аталган окуя боюнча Орусиянын ички иштер бөлүмү тарабынан иш козголуп, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Айдоочулардын бирөө өзбек улутундагы Кыргыз жараны экендиги тууралуу бейрасмий маалыматтар тарады. Аталган маалыматты тактоо үчүн SUPER.KG порталы Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине кайрылды. Элчилик аталган окуя боюнча маалымат тактала электигин, расмий маалымат кийинчерээк бериле турганын билдирди.

Санкт-Петербург шаарында эки унаа кагышып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти
Орусияда 2 унаа жөө адамдарды сүзүп кетти. Айдоочунун бири Кыргыз жараныбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
titanik32
2019-10-24 11:20:34
Сүзгөн шопур бала акмак экен го,адамдарды чачырата сүздү эле,акмак чыгып алып машинасын карап жүрөт адамдарга көз салбай.
0
raikakyz
2019-10-24 11:33:52
О кудайым ай,боодо кырсыктан сактай кор.Кырсыктагандар жакшы болуп кетишсе экен.
0
titanik32
2019-10-24 13:28:46
Бул дагы сүзүп кеткен 33 жаштагы Кыргызстандык өзбек Сухбатулло Киргизбаев деген бала экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан