Бишкекте 83 жаштагы апанын сумкасын жула качкан деп шектелип 26 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте 83 жаштагы апаны почтадан чыккандан кийин тоноп кеткен деп шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жамбаш сөөгү сынган апа келип түшкөнү боюнча маалымат милицияга кабарланган. Ооруканага барган кызматкерлер ал 1936-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран экенин аныкташкан. Аны 23-октябрда саат 15:30 чамасында 4-кичи райондо жайгашкан почтадан чыгып келе жатканда белгисиз жаран сумкасын чулуп качып кеткен.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүнү издөө иштери улантылып, шектүү катары 26 жаштагы жаран кармалган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анда ТТ үлгүсүндөгү тапанча табылган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталып, шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу аныкталууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bessmertiy
2019-10-24 14:00:18
Түсүңдү урайын 26 жаш не деген курак. Иштесе ишке, жесе ашка тойбой турган убак. Иштеп мээнет кылсаң болбойбу, карыгап апанын сумкасын жула качпай ээ акмак, наадан.
+4
Jelezo
2019-10-24 14:44:52
Эшек сенден жүз эсе акылдуу.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан