Бүгүн, 24-октябрда ФИФАнын жаңы рейтинги жарыяланды. Кыргыз курама командасы мурунку айга салыштырмалуу 3 сапка көтөрүлдү.
Октябрь айында кыргыз футболчулары Мьянма жана Монголияны жеңген. Жыйынтыгында ФИФАнын рейтингинде 94-орунга көтөрүлдү. Сентябрь айында 97-орунда эле.
Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуудагы биздин тайпада Япония 28-орунда, Тажикстан 116-орун, Мьянма 147-орун жана Монголия 186-орунда жайгашкан.