Элчилик: "Санкт-Петербург шаарында жол кырсыгына кабылган айдоочу Кыргыз жараны болгон"

Кечээ, 23-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы көчөлөрдүн кесилишинин биринде жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 8 киши жабыркаган. Алардын ичинен эң оор абалдагысы Renault үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Надежда Ильина экени белгилүү болгон. Надежда Ильина 38 жашта экенин жана билим берүү тармагынын кызматкери болуп эмгектенип келгенин маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Ал эми Volkswagen үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 33 жаштагы Сухбатулло Киргизбаев экени белгилүү болду. Ал Кыргыз жараны болуп, көп жылдан бери Орусия өлкөсүндө жашап, иштеп келген.

Бул маалыматты SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги дагы тастыктады.

"Санкт-Петербург облусунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматына ылайык, жол кырсыгындагы Volkswagen үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 33 жаштагы Сухбатулло Киргизбаев Кыргыз өлкөсүнүн жараны болуп эсептелинет. Ал кармалып, сурак берүүдө. Бул окуяны элчилик көзөмөлүнө алат", - деп билдирет элчиликтин маалымат кызматынан.

Орусияда 2 унаа жөө адамдарды сүзүп кетти. Айдоочунун бири Кыргыз жараныбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bessmertiy
2019-10-24 17:43:58
Ошондо Сухботтилла 33 жаштабы же 38 жаштабы?
-1
Abdizhapar
2019-10-24 18:06:19
Озбек экен да кыргыз паспорту бар
0
taalai1008
2019-10-24 18:17:41
Тажик экен го Кыргыздын паспортун сатып алган да, эми ушунун зыяны кыргыздарга тиет. Фамилиясын Киргизбаев кылып алганын.
+8
elchi84
2019-10-24 19:11:04
Паспортту саткандар жыргады бирок Кыргызстан жана кыргыздар жаман аттуу боло берет эми.
+6
erast
2019-10-24 19:31:23
Фамилияны кара(
+1
JaneEr
2019-10-24 20:02:50
Тойгоздуго [moderated] менен тажиктер
+2
Abdizhapar
2019-10-24 20:28:43
Ушул улло менен жандар кыргызды жаман атты кылып бутот экен да
+5
Munarbek98
2019-10-25 12:22:02
Итке да битке сата бергиле паспортту
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан