Бишкек-Торугарт жолунда Чолпон-Атага каттаган маршруттук такси оодарылып кетти. Чүй облустук Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, окуя бүгүн, 24-октябрда саат 14:00 чамаларында болгон.
Бишкек-Торугарт жолунун 38-чакырымында Чолпон-Атага бара жаткан "Мерседес-Бенц Спринтердин" айдоочусу унааны башкара албай калган. Жыйынтыгында унаа жолдон чыгып кетип, оодарылып кеткен.
Учурда жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып, жол кырсыгынан жабыр тарткандардын санын тактап жатат.