Кечээ, 23-октябрда ырчы Самара Каримова Москвадагы Кремлдин концерттик чоң залында чыгармаларын тартуулады.
Ырчы SUPER.KG порталына концерт жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди. "Концертти буюрса, жакшы өткөрүп алдык. Биз ойлогондон да жогорку деңгээлде өттү деп чечим чыгарып жатабыз. Концертке келген эл азыркы учурда дагы социалдык тармакта талкуулашып, ыраазы болуп жаткандарын угуп, көрүп жатабыз. Чындыгында, Кремлде концерт берүү оор, түйшүктүү, кыйын болду. Кремлге ырчынын бардыгы эле концерт бере бербейт экен. Концерттин жүрүшүндө 80ден ашуун оркестр, 40ка жакын шоу-балет бийчилери өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөттү. Мындан тышкары, иним Сагынбек Каримов жана италиялык ырчы Ин-Грид конок болушту.
Биз концертке Орусиянын жана Борбор Азиянын элин күткөнбүз. Биз күткөндөй эле болду. Ар улуттун өкүлдөрү, биздин мекендештерибиз келишти. Залга эл толуп, алар шаңдуу жана өзгөчө маанайда отурушту. Сахнага чыкканда гимнди аткарууда өзгөчө толкундануу болду. Анткени мекендештерибиз көздөрүнө жаш алышты", - дейт ырчы Самара Каримова.