Казакстандын Алматы шаарында Central Asia's Got Talent шоусу өтүп жатат. Ага Кыргыз мамлекетинин, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жашоочулары талантын көрсөтүүдө. Алардын катарында 27 жаштагы кыргыз кызы Айжан Нусувалиева "Listen" аттуу ырды аткарып, сынактын биринчи турунда жеңишке жетип, "алтын баскычка" ээ болду.
Шоунун гранд финалы 2019-жылдын декабрында өтөрү күтүлүүдө. Аталган шоунун калыстар тобунда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова да бар.