Бишкек-Ош унаа жолунун 140-чакырымында тактап айтканда, Суусамыр өрөөнүндө Лада жана Хонда-Степ үлгүсүндөгү 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 унаанын айдоочулары жеңил жаракат алышкан. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Абалдары канааттандырарлык.