Баткен облусунун Лейлек районунда 25 жаштагы жигиттин жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлагандай, маркумду атып кеткен.
"Окуя 27-октябрда саат 00:30 чамасында орун алган. Анда Бешкент айыл аймагынын 25 жаштагы тургуну үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип бара жатканда белгисиз жаран сайсыз ок атуучу курал менен сол желкесине аткан. Ок чыгарган жаран окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Ал эми үй ээси алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Баткен ОИИБинин жана Лейлек РИИБинин кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, 28-октябрь күнү шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну өз үйүнөн кармалды.
Учурда Лейлек РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди маалымат кызматынан.